Биз менен байланышыңыз

ӨКМ 13-17-июлда сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертти

Кыска кабар | 11 Июл 2024 | 127 | 0

13-июлдан 17-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги арыктарды тазалап, жээгин бекемдөөнү,  жана таштанды таштабоону эскертет.

Турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушу керек. Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Бүгүнкү күндө Баткендин бир катар райондорунда сел жүргөндүктөн аймакка өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Буга чейин Оштун Ноокат районундагы катуу селден он адам каза болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM