Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандын президенти темир жол куруу тууралуу макулдашууну бекитти

Кыска кабар | 11 Июл 2024 | 156 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 8-июлда «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу жөнүндөгү макулдашууну бекитти. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлигине караштуу укуктук маалыматтар каналына таянып Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Үч өлкөнүн ортосундагы тиешелүү макулдашууга 2024-жылдын 6-июнунда Бээжин шаарында кол коюлган.

Өзбекстан тараптан макулдашууну ишке ашырууга өлкөнүн Транспорт министрлиги жооптуу болуп дайындалды.

Кыргызстандын Жогорку Кеңеши макулдашууну 19-июнда кабыл алып, президент 27-июнда кол койгон. Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушу августта башталарын билдирген.

Жаңы темир жол коридору Евразия континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагына айланып, Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия жана жакынкы Чыгыштын базарларына (анын ичинде Түркияга жана андан ары Евробиримдикке жүк жеткирүүнү камсыздайт) жол ачат.

Долбоордун жалпы наркы 4 млрд 665 млн доллар болсо, анын тең жарымын – 2 млрд 332 млн долларын Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстан чогуу чыгарат. Бул сумманын 51%ын Кытай берсе, Кыргызстан менен Өзбекстан 24,5%дан чыгарат. Мында долбоорго Бээжин 1 млрд 187 млн доллар, Бишкек 573 млн доллар жана Ташкент 573 млн доллар түз салым катары салышы керек.

Сумманын экинчи жарымы – 2 млрд 332 млн долларды Кытай үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоорлоочу компанияга насыя катары берет.

Темир жол «Кашкар — Торугарт — Макмал — Жалал-Абад – Анжиян» багытында түшөт. Анын узундугу жалпы 480 чакырымды түзсө, 311,75 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт.

Кыргыз жергесинде 18 бекет, 81 көпүрө, 41 тоннель курулат. Макмалдын эки жагындагы колея эки башка өлчөмдө курулуп, ал жерге жүктү кайра жүктөөчү станция салынат. Темир жол жүк ташуучу да, жүргүнчү ташуучу да милдетти аткара алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM