Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда бир катар өсүмдүктү колдонууга тыюу салынды

Ден соолук , Коом | 10 Июл 2024 | 1545 | 0

Кыргызстанда бир катар өсүмдүктөрдү пайдаланууга мораторий киргизилди. Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биологиялык ресурстар башкармалыгынын башчысы Кумар Мамбеталиев Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому май айынын аягында кабыл алынганын, ал эми документ буга чейин коомдук талкууга коюлганын билдирди.

Мамбеталиев мораторий өсүмдүктөрдү сактап калуу максатында киргизилип жатканын белгиледи.

«Баарыбызга белгилүү болгондой, жакында эле УКМК менен Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан бул өсүмдүктөрдүн мыйзамсыз чогултулган фактылары аныкталды. Келтирилген зыяндын көлөмү болжол менен 24 миллион 615 миң сомду түзөт. Жарандардын бул токтомдун бар экендиги тууралуу эч кандай түшүнүгү жок. Мораторий өсүмдүктөр дүйнөсүн сактап калуу максатында киргизилди. Токтом кабыл алынган. Анда өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин атайын пайдалануу үчүн төлөмдүн ставкалары жана түшкөн каражаттарды пайдалануунун тартиби белгиленген».

Өсүмдүктөрдүн төмөнкү түрлөрүн пайдаланууга мораторий киргизилди:

  • макротомия (Macrotomia DC);
  • арнебия (Арнебия Форск);
  • күл дарагы (Dictamnus L);
  • аконит (Aconitum L);
  • афлатун пиязы (Allium aflatunense B.Fedtsch).

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору Болот Жусупов белгилегендей, мыйзамды бузган жеке жактарга 5500 сом, ал эми юридикалык жактарга 17 миң сом айып пул салынат.

«28-майда Министрлер кабинетинин токтому чыккан. Өсүмдүктөрдү топтоо, сатуу жана чогултуу боюнча тыюу салынган. Биздин кызматкерлер тарабынан иштер жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө алынган маалымат боюнча, 117 факт аныкталган. Анын ичинен 360 миң сомго айып пул салынган. Доо боюнча 78 факты аныкталып, 2 млн 253 миң сом айып пул салынган. Эгер мыйзамды бузган иштерди аткара турган болсоңуздар айып пул төлөнөт. Жеке жактарга 5500 сом, юридикалык жактарга 17 миң сом каралган».

Жыл башында Кыргызстанда уу коргошунду казууга убактылуу тыюу салуу сунушталган. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына караганда, аны менен кошо айрым өсүмдүктөрдү казууга да убактылуу чектөө киргизилген. Токтом долбоору бул өсүмдүктөрдү сактап калуу жана аларды көбөйтүү максатында иштелип чыккан. Ал эми дарыгерлер бул өсүмдүктөр медицинада эмес, көбүнчө элдик дарылоодо колдонуларын айтышат.

Фармаколог Аида Нурдинова жогоруда аталган өсүмдүктөр элдик дарылоодо гана колдонулуп келерин белгилеп, алар илимий жактан изилденбегенин айтат.

«Бул өсүмдүктөр көбүнчө элдик медицинада колдонулат. Ал эми уу коргошун уу болуп эсептелет. Бизде дары-дармек катары колдонулбайт. Медицинада керектүү өсүмдүктөргө кирбейт. Бул өсүмдүктөр ден соолукка зыян, себеби, уулуу. Курамы илимий жактан жакшылап изилденген эмес. Глобалдуу изилдөөлөр болгон эмес. Медициналык жактан тастыкталган гана дарыларды колдонуу керек. Изилденбеген дары же чөп болобу, ден соолукка зыян. Бул өсүмдүктөрдү колдонууга тыюу салуу бир жагынан жакшы. Мүмкүн экосистемага пайдасы тиет».

Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдиргендей, эгерде жаран мындай мыйзамсыз аракеттерге күбө болсо, анда (0312) 540521 ишеним телефонуна кайрылса болот. Бул үчүн ал мамлекеттен сыйлык алууга укуктуу, тагыраагы кармалган товардын наркынын 50 пайызын ала алат. Өлкөдө дары чөптөрдүн 2900дөн ашык түрү бар.

Copyright © 2017 Maral FM