Биз менен байланышыңыз

Алимент төлөбөгөндөрдү жоопкерчиликке тарткан мыйзамга кол коюлду

Кыска кабар | 10 Июл 2024 | 287 | 0

Президент Садыр Жапаров “Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Документ быйыл 29-майда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам менен алимент төлөөдөн качкандар үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Кыргызстанда алимент төлөөдөн качкандардын саны көбөйүп жатканы айтылып келет.

Расмий маалыматтар боюнча, былтыр Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренеси («Ата-эненин балдарды багуудан качуусу») менен 523 факты катталып, анын ичинен 425 иш сотко жиберилген, 59 иш алимент төлөп бергени үчүн өндүрүштөн кыскартылган.

Айрым депутаттар алимент төлөбөгөн аталарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу, чет жакка чыгуусуна бөгөт коюу, 3-7 суткага камоону сунушташкан.

Алимент: эске алуучу жагдайлар

Copyright © 2017 Maral FM