Биз менен байланышыңыз

УКМК Ошто баңги тобунун мүчөлөрүн кармады

Кыска кабар | 10 Июл 2024 | 109 | 0

«Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан» багыты боюнча эл аралык баңгизат каналын уюштурган жана Ош облусунун жашоочуларына таратуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу баңги тобу аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Кылмыштуу схеманын уюштуруучусу баңгизатын Ош облусуна жана Өзбекстанга сатуу максатында Тажикстандан алып келүү каналын түзгөн.

Кыргызстандын аймагына кирген баңгизаттар жергиликтүү тургундун үйүндө сакталып, ал Оштун жашоочуларына же Өзбекстанга баңгизатын ташып бара жаткан жеткирүүчүлөргө берүү үчүн таразага тартуу жана таңгактоо менен алектенген.

2024-жылдын 8-июлунда жогоруда айтылган эки жаран кармалган. Тинтүү учурунда биринен 250,77 грамм чайыр кара куурай (гашиш) брикети, дагы биринен 555,34 грамм чайыр кара куурай табылды.

Баңги каналынын уюштуруучусунун шериги жашынуучу жай катары колдонулган жарандын үйүндө да ыкчам тинтүү иштери жүргүзүлүп, андан 6 кг 905,47 грамм салмактагы 7 брикет кара куурай чайыры табылды.

Бул жарандар Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмүндө каралган кылмышка шектелип кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM