Биз менен байланышыңыз

Соодагерлер: «Ош базарында» ККМге шарт жок

Экономика | 9 Июл 2024 | 445 | 0
Бишкектеги "Ош базары". 2024-жыл, 5-июль.

Быйыл июль айынан тарта өлкө аймагында патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотулуп, соодагерлер ККМге (контролдук касалык машина) өтүштү. Бул тууралуу “Маралга” мамлекеттик салык кызматынын атайын салык режимдерин контролдоо башкармалыгынын башкы инспектору, Айнура Султаналиева билдирди.

Жаңы мыйзамга ылайык патент менен иштеген соодагерлер салыктын башка ылайыктуу режимдерине өтүшү керек.

Ишкерлер төмөнкү салык режимдерин тандай алышат:

– жалпы салык режими (салыктар колдонуудагы салык мыйзамдарына жана жалпы негиздердеги ставкаларга ылайык төлөнөт);

– бирдиктүү салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы. Салыктын ставкалары жылдык кирешенин көлөмү 15 млн сомго чейин болсо 0%, ал эми 30млн сомго чейин – 0,5% жана 50 млн сомго чейин – 1% түзөт.

Ошондой эле базарлар жана кичи базарлар үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы эгерде кирешелер акыркы 12 айда 100 млн сомдон ашпаса анда 0,1% ды түзөт.

“ Жыл башынан бери салык кызматы жана базарлардын администрациялары менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Андан соң көптөгөн ишкер өз ыктыяры менен ККМ колдонууга өтүшүүдө, азыркы учурда 90 пайыздан ашуун соодагер бирдиктүү салык режимине өтүштү. Албетте, нааразычылык билдиргендер да жок эмес. Алар түшүнбөстүктөн же туура эмес маалыматтын негизинде каршы чыгып жатышат. Себеби, бул жаңы иштелип чыккан бирдиктүү салык мыйзамы соодагерлер үчүн аябай ыңгайлуу. Буга чейин жылына 8 млн товар сатканда гана салык төлөнсө, азыр ал 15 млн сомго көтөрүлдү. Бул деген эгер соодагердин бир жылдык соода жүгүртүүсү 15млн сомго жетпесе, ага 0%дык ставка коюлуп, салык төлөөдөн бошотулат. Бул жеңилдик берилүүсү үчүн ККМди колдонуу шарт. Азыркы күндө өкмөттүн токтомунун негизинде, салык кызматы 30 миң ККМ аппаратын бекер таратып жатат”.

Айнура Султаналиева, соодагерлер бул киргизилген жаңы талапты жакшы түшүнбөй жатышкандыктан базарларга мораторий берилгенин айтты. Анын негизинде ушул жылдын аягына чейин ККМ колдонбогондорго эч кандай чара көрүлбөй, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Мындан тышкары Султаналиева, бирдиктүү салыкты берүүдөгү соодагерлер үчүн көрүлүп жаткан жеңилдиктерди санап берди.

“ Бирдиктүү салыкты төлөө автоматтык түрдө да берилүүсү каралып жатат. Ал эми 0 пайыздык ставкада иштеген ишкерлер отчет берүүдөн бошотулган. Алар жылына бир жолу гана декларация тапшырат. Патентте буга чейин чон же кичине тармактагы соода болбосун бирдей гана өлчөмдөгү сумманы төлөп турушкан. Мисалы айына 1000 сом патент төлөй турган болсо, бир жылда 12000 миң сом гана болмок. Азыркы ККМдин негизинде алар эч нерсе төлөшпөйт. Бир гана ККМди колдонуш керек жана өздөрүнүн камсыздандыруу төгүмүн төлөш керек. Анын негизинде соодагерлер өздөрүнүн келечектеги жөлөк пулун чогулта алышат”.

Ырысбүбү Жумагулова 30 жылдан бери Бишкектеги “Ош” базарында мөмө-жемиш сатып эмгектенет. Ал ККМ колдонууга каршы. Ал базардын администрациясы “каршы чыккандар ордуңарды бошотуп койгула” деп коркутуп жатканын айтты.

“Бир жумадан бери ККМге өтөсүңөр деп жатышат. Бирок буга эч кимде шарты жок. Биринчиден, биз товарды чекене баада сатабыз. 50 кг алма ала турган болсок, анын 5-6 кг жаман болуп кетет. Себеби иштеп жаткан жерибиздин шарты жок да. Экинчиден, бизде атаандаштык аябай күч алган. Базардын ичинде жайгашкандыктан көчөдө саткандардан ашкан кардарларды гана тейлейбиз. Алар тонналап сатса, биз дааналап сатабыз. Окутуу иштери да жүргүзүлгөн жок. Кечээ келип, бир нерсеге кол койдуруп кетти. Бир билгеним, ККМ аппаратын бекер беребиз деп жатышат. Анын үстүнө ККМ аппаратын колдонуу үчүн электр энергиясы жана кагаз алып салышыбыз керек экен. Ал да акча болуп жатпайбы. Дааналап сатканда 5-6 кардар келсе аны майдалап, ар бирине кагаз чыгарып берип отурабызбы. Бизде буга такыр шарт жок. Мөмө-жемиштерге санэпидстанцияга акча төлөйт экен. Мурун бир айда 4 жолу эс алат болчубуз. Базардын тазалыгын аябай жакшы карашчу. Азыр же тазалык же шарт жок да анан ККМге өткүлө деп мажбурлап жатышат. Бир нерсе деп каршы чыксаң, администрация болбосо ордуңарды бошотуп койгула деп коркутат”.

Медициналык халат сатып иштеген ишкер Эдил Ниязов ар бир цивилизациялык мамлекетте ККМ болушу керектигин айтты.

“ККМ цивилизациялык мамлекетте болушу шарт. Кыргызстан эң артта калган. Мисалы: Дубайда жада калса айдоочулар да чек беришет. Биз да ошого жетишибиз керек. Эгер биз жетпейбиз деп жүрө берсек, ошол боюнча артта калып жүрө беребиз. Биз өнүгүшүбүз керек”.

Ишкер Назгүл Нусипова, ККМ колдонбогон соодагерлерге фирмалар товар сатуудан баш тартып жатышканын жана базардын ККМ колдонууга шарты жок экенин айтты.

“Бизди ККМге зордоп эле өткөрүп коюшту. Ыңгайлуулугу бизге жакпай жатат. Биз товар сатабызбы же аны баскылап отура беребизби? Айла жок кабыл алдык. Себеби аны албасак бизге товар саткан фирмалар ККМсиз товарды бербейт. Бирок биздин базарларга бул ылайыксыз нерсе. Окутуулар өттү. Бирок өздөрү да толук билбегендиктен биз да жакшы түшүнө албай жатабыз. Үстүртөн маалымат бар. Себеби фирмалардан товар алышыбыз керек да. Азыр го макул, эртен 10 градус суукта ККМ иштебей калат. Ал учурда эмне кылабыз деп башыбыз катып жатат. Бул нерсени  негизи киргизиш керек, бирок Кыргызстанга бир аз эрте киргизилгендей. Эл эмес соодагерлер да даяр болбой жатат. Же ККМ башкача жол менен кириш керек эле”.

Ош базарында кийим сатып иштеген Жыпар Жолдубай кызы да ККМ боюнча өз оюн билдирди.

“Сейтек базары ККМге баарыбыз эле өттүк. Мурда ай сайын каалайсыңбы-каалабайсыңбы патент алчу элек. ККМге түшүнгөндөр түшүнүп өтүп жатат. ККМ бизге жакты. Жакшы эле. Азырынча кыйынчылыктар жок. Бир кемчилик ККМ жөнүндө толук маалымат эч кимде болбой жатат. Ошол себептен патент менен ККМдин айырмачылыгын билүү да кыйынга турууда”.

Өмүрбек Адылбеков ККМ аппаратына өтүүнүн  шарттары жакпаганын белгиледи.

“ККМди кабыл аласыңар деп айтканына 6 ай болду. 6 айдан бери күнүнө болбосо да жумасына бир-эки жолу келип тушүндүрүп турушканда, азыр эл мындай каршы чыкпай, башкача ойдо болмок эле. Элде түшүнүк жок ошол себептен иштетүүдөн да коркуп турушат. Ош базардын ич жагы майда-чүйдө товарларды сатабыз. Биз эч качан жылына 15 млн сомдук товар сатпайбыз. Ош базарына шарт түзүү зарыл. Жок дегенде эң жөнөкөй эрежерлер сакталбайт. Мисалы, кокус өрт чыгып кетсе, ага каршы эч нерсе жок. Андан тышкары, айрым сатуучулар жолду тосуп чыгып алышкан. Араба сүйрөп өтүш турсун, басканга жол жок. Андан тышкары мага дагы бир шарты жаккан жок: ККМди жумуш күндөрү күндө ачып туруш керек экен. Эгер ачпасаң айып-пул төлөп калат экенбиз. Эми кыргызда той-топур, жакшылык-жамандык болуп калат. Ал күндөрү жумушка чыкпай каласың, анан биз жөн эле айыпка жыгылып жатпайбызбы. Жада калса ККМ жөнүндө түшүндүрүп келгендер өздөрү жакшы билишпейт”.

Соодагер Айымкүл Байболова, элге жакшы түшүндүрүп беришсе ызы-чуулар деле жаралбайт эле деген ойдо.

“Бизди ККМге өткүлө деп жатат. Бирок бул куру бекер эле убаракерчилик. Бизде ага өткөнү шарт жок да. Себеби бизде андай соода болбойт да. Бир күндө 5-10 миң сомго ар кандай соода кылабыз. Эч качан 40-45 миң сомдук соода кылбайбыз. Аны дүн баада саткандар гана кылат да. Биз 100-200граммдан эле соода кылабыз. Бизге барып кол койгула дейт, кол коюп кетип калабыз. Эмнеге кол коюп жатканыбызды жакшы деле тушүндүрүшпөйт. Ошого айрым соодагерлер болуп барып, бизге түшүндүрүү иштерин жүргүзгүлө деп талап кылганбыз. Антсең да жаман көрүшөт. Бизде эч кандай деле шарт жок”.

Соодагер Гүлкумар Кучарова, эң ыңгайлуусу патент режими болчу дейт.

“Бизге ККМ чек эми келди. Бирок бизге эң эле ыңгайлуусу патент болчу. Анын үстүнө биздин ККМди жакшы түшүнө албай жатабыз. Кандайдыр бир суммадан кийин пайыз болуп жазылып, ошондон чыкканын сумманы салык төгөт экен. Жылына 15 млн тапканда салык төлөнөт деп айтышты. Бирок бизде, товар кымбат жана жакшы сатылган учурда бат эле 15 млн сом суммага жетебиз. А андай болбой да калышы мүмкүн да. Ошону деле эске алыштары керек болчу. Бизге анын айынан киреше болбой калат да. ККМди бир аз түшүндүрүп бекер таратып беришти. 1-июлдан тарта иштете бергиле деп айтышкан болчу, бирок айрым келген кардарларга мындай эле суммасын чыгарып иштетип жатабыз”.

Өлкөдө эки базар стратегиялык обьект болуп саналат. Алар «Дордой» жана «Кара-Суу» базарлары. Аталган эки базарга өзүнчө салыктык режим каралган. Бул режимде салык төлөөчүлөргө бир канча жеңилдиктер бар. Ал жеңилдиктердин бири — бул ККМ колдонбоо. Алар жылдын башында арыз беришет. Арыздын негизинде өздөрүнүн акча жүгүртүүсүн көрсөтө алышат. Ал көрсөткүчкө карап акча жүгүртүүсү канча болсо ошончо салык төлөшөт. Ошондой эле эгерде өзгөчө режимдин аймагында товарды сатышса, алар электрондук коштомо кагаздан бошотулат.

Copyright © 2017 Maral FM