Биз менен байланышыңыз

Ноокатта алма сактоочу логистикалык борбор ачылды

Кыска кабар | 8 Июл 2024 | 222 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ноокат районунун Н.Исанов айыл аймагынын Байыш айылында «Ноокат алмасы» айыл чарба багбанчылык кооперативи тарабынан курулган алма сактоочу соода-логистикалык борбордун ачылышына катышты.

Министрликтин маалыматына караганда, соода-логистикалык борбордун аянты 1140 чарчы метр. Сыйымдуулугу 1200 тонна. Сметалык баасы 141 млн сомдон ашуун.

Аталган борбор Дүйнөлүк Банктын Ош облусунда жана Ош шаарындагы «Региондорду экономикалык өнүктүрүү» долбоору, АРИСтин мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору, ЮСАИД гранты жана жеке ишкердин салымы менен курулду.

Багбанчылык кооперативинде сыйымдуулугу 350 тоннага ылайык мөмө-жемиш сактоочу муздаткыч, таңгактоочу линия, сорттоо жана жуугуч цехи бар.

«Ноокат алмасынын» 15 га жеринде интенсивдүү алма, 4 га жеринде гилас, 4 га жеринде жаңгак бактары бар. Көчөттөр Польша, Америка жана Турциядан алынып келинген.

Ишканада Италиялык шпалер системасы орнотулган. Бактар Израилден чыгарылган заманбап тамчылатып сугаруу системасы аркылуу сугарылат.

Министрлик тарабынан «Ноокат алмасы» деген бренд менен жергиликтүү алмаларды экспорттоо боюнча келишимдерди түзүүгө көмөк көрсөтүү жана атайын алма фестивалдарын уюштуруу иштери жүргүзүлөрү кабарланды.

Багбанчылык кооперативи агротехникалык колдоо, окутуу, консультация берүү, алынган түшүмдү сатып алуу жана кайра иштетүү, сактоо, сорттоо жана сатуу кызматтарын көрсөтөт.

Ишканада сезондук мезгилде 70ке жакын жергиликтүү тургундар жумуш менен камсыз болушат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM