Биз менен байланышыңыз

Селден жабыркагандарга 72 тонна азык-түлүк жана 84 миң доллар акчалай жардам берилет

Кыска кабар | 8 Июл 2024 | 194 | 0

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында Ош облусунда селден жабыр тарткандарга жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өкүлү Кожиро Накайдын жолугушуусунда айтылды.

Ноокат, Кадамжай жана Баткен райондорунун тургундарына бузулган инфраструктураны калыбына келтирүү – каналдарды, көчөлөрдү, көпүрөлөрдү, бузулган үйлөрдү тазалоо, суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирүү боюнча иштердин ордуна азык-түлүк жана акчалай жардам берилет. Бул иштерге 3950 адам жашаган 790 үй-бүлө тартылат, катышуучуларга 72 тонна азык-түлүк жана 84 миң АКШ доллары бөлүштүрүлөт.

Мындан тышкары, 2024-жылдын экинчи жарымында “Социалдык келишим” долбоорунун катышуучуларына окутуу өткөрүлөрү белгилүү болду.

28-июнда катуу жааган жаандан улам Ош облусунун Ноокат районунда сел жүрүп, өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Сел агызып каза болгондордун саны 10 адамга жеткен. Турак-жайлар, эгин талаалары, мал-жандыктар жабыркаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM