Биз менен байланышыңыз

Абшыр-Ата жайлоосуна бараткан жол ачылат

Кыска кабар | 6 Июл 2024 | 168 | 0

Бүгүн түштөн кийин Абшыр-Ата жайлоосуна бараткан жол ачылат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов билдирди.

Анын айтымында, жайлоого алып бара турган жол селден улам жабылып калган.

“29-июндан баштап селдин кесепеттерин жоюу боюнча 26 атайын оор техника жер-жерлерде иштерди жүргүздү. 5 тилкеде техникалар иштеп жатты. Айрым жерлерде бүгүнкү күнгө чейин таштандыларды чыгаруу иштери уланууда. Абшыр-Ата жайлоосуна кеткен 3, 5 чакырымдык автожолду 2-июлдан баштап онго жакын оор техника менен калыбына келтирип жатабыз. Бүгүн түштөн кийин Абшыр-Ата жайлоосуна жол каттамы ачылат. Жол жабылганда ара жолдо калган 160тай унаа кое берилет”, — деди ал.

Ошондой эле министрдин орун басары белгилегендей, Кулатов жана Көк-Жар айыл өкмөттөрүндөгү жалпы 13 айылда селден кийин таза суу берүү үзгүлтүккө учурап, токтоп калган. 2-июлдан баштап ӨКМдин унаалары 40 миңден ашык жашоочуга таза суу жеткирип жатат. Жергиликтүү бийлик калыбына келтирүү иштерин колго алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM