Биз менен байланышыңыз

Ошто жер силкинди

Кыска кабар | 6 Июл 2024 | 109 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы ылайык, Ошто жер титиреди.

Кечээ, 5-июлда саат 19:17де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жердин силкинүүсү Чоң-Алай районунун Шибээ, Жар-Башы, Кушчу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөнүн очогу Жар-Башы айылынан 12 чакырым түштүк-батышта, Баткен шаарынан 133 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM