Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандан жумуш таппай, Кыргызстанга мыйзамсыз өткөн чет элдиктер кармалды

Кыска кабар | 3 Июл 2024 | 167 | 0
УКМК тараткан сүрөт

Жалал-Абад облусунда 25-июнда Бангладештин 11 жараны чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

8-июнда Бангладештин жарандары Өзбекстанга эмгек миграциясына барышкан, бирок жумуш таппай, белгиленген мамлекеттик чек ара бекеттерин айланып өтүү менен Кыргызстандын аймагына өтүүнү көздөшкөн. Алар менен биргеликте мыйзамсыз миграциялык канал уюштурган Кыргызстандын жараны Н.А.И. да кармалды.

Учурда мыйзамсыз миграциялык каналды уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, ушул жылдын 21-майында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарында жана Сейдикум айылында Бангладештин 46 жараны мыйзамсыз иштеп жүргөнү аныкталган.

Кармалган чет элдиктерге карата административдик протоколдор түзүлүп, сот органдары аларды Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгаруу маселесин кароодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM