Биз менен байланышыңыз

Ошто турак үйдөн чыккан өрт жанаша жайгашкан төрт үйдү да жалмады

Кыска кабар | 8 Июл 2024 | 343 | 0

Ош шаарында 7-июль күнү турак үйдөн чыккан өрт жанаша жайгашкан беш үйдү да жалмады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

7-июль күнү Ош шаарынын Закиров көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Натыйжада 700 чарчы метр турак үй толук күйүп, жанаша жайгашкан биринчи турак үйдүн 250 чарчы метр аянты, экинчи турак үйдүн 98 чарчы метри күйгөн. Үчүнчү турак үйдүн 240 чарчы метр аянты, төртүнчү турак үйдүн чатырынын 20 чарчы метри күйгөн.

Тилсиз жоо жалпы 1308 чарчы метр аянтка жайылган.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 күжүрмөн эсеп тартылган. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM