Биз менен байланышыңыз

Медициналык калдыктарды өрттөшкөнү үчүн медкызматкерлерге айып салынды

Кыска кабар | 3 Июл 2024 | 143 | 0

Бишкекке кошулган Төмөнкү Ала-Арча айылында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлерине медициналык калдыктарды өрттөшкөнү үчүн айып салынды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам бузуу болгон жер мэриянын муниципалдык инспекциясынын кызматкерлери тарабынан рейд учурунда аныкталган. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлерине 46 миң сом айып салынды.

Ташталган медициналык каражаттар – ачык шприцтер жана ампулалар, кол каптар жана башка дары-дармек каражаттарынын калдыктары болгон.

Бардык медициналык калдыктар коопсуз түрдө жок кылынышы керек. Ыргытылган дары-дармек чоң коркунуч жаратат.

Медициналык калдыктарды таштоо жана өрттөө үчүн укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик жоопкерчилик каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM