Биз менен байланышыңыз

Караколдо мыйзамсыз иштеп жаткан диний билим берүү мекемеси аныкталды

Кыска кабар | 3 Июл 2024 | 124 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет 28-июнда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан диний билим берүү мекемесин аныктады.

Маалыматка караганда, диний мекеме өз иштерин дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдан каттоодон өтпөстөн жана уруксат документтери жок жүргүзүп келген. Текшерүү учурунда ал жерде үч мугалим иштеп, 35тен ашык жашы жете элек бала билим алып жаткандыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен диний билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулуп, алдын алуу чаралары көрүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM