Биз менен байланышыңыз

«Ак-Кула» ат майданын сатуу боюнча аукцион өтөт

Кыска кабар | 3 Июл 2024 | 100 | 0

11-июлда Бишкек шаарында «Ак-Кула ат» майданынын мүлк комплексин сатуу боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Ат майданы буга чейин электрондук аукционго коюлган. Мүлк комплекси 46 лотко бөлүнгөн. 37 лоттук аукцион 11-июлда өткөрүлөт.

Муниципалитеттин алдында мүлк комплексинин аймагында мектептерди, бала бакчаларды, инженердик курулуштарды, жолдорду жана жашыл аймактарды куруу үчүн жер тилкелери калтырылды. Аукциондун жыйынтыгында жер участогу менчикке өткөрүп берилет.

Аукционго катышуу үчүн электрондук санариптик кол тамга флеш-картасын сатып алып, шилтеме аркылуу катталып, ылайыктуу аукциондук лотту таап, маалыматтарды толтуруп, андан кийин төлөм коду аркылуу катышуу үчүн сумманы төлөө керек.

Быйыл 21-мартта «Ак-Кула» ат майданынын жаңы курула турган имаратына капсула салынган. Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жаңы ат майданда көк бөрү оюндарын көрүү үчүн 10 миң орун, башкы ат майдан 20 миң орундуу болору мерчемделген. Мурдагы ат майдандын аянты 57 гектар болчу. Жаңы ипподромго 200 гектардан ашык жер бөлүнүп берилди.

Ат майданында соода борбору, мейманкана, дүкөн, кафе-ресторан болору эске алынган, комплекс жыл бою иштейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM