Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Көпчүлүк аймакта жаан жаайт

Кыска кабар | 1 Июл 2024 | 148 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 2-июлда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Талас, Баткен облустарынын айрым аймактарында өткүн өтүп, күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад облустарында жаан нөшөрлөп жаайт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +25…+30,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +28…+33,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +9…+14, күндүз +18…+23,

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23.

Бишкекте түнкүсүн жана күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын  температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +27…+29 градус.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM