Бүгүн, 28-июнда Казакстандын Алматы шаарынан Ысык-Көлгө биринчи каттам аткарылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аба майданынан кабарлашты.
Алматыдан Ысык-Көлгө учуу убактысы 35 мүнөт, кайра артка 1 саатты түзөт.
Каттамдар жумасына 2 жолу – дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат. Бул багытка байланыштуу бардык суроолор боюнча туристтик агенттиктерге кайрылуу керек.
«Компас» туроператору жыл сайын Алматы – Ысык-Көл – Алматы багытында каттамдарды аткарып келет.