Биз менен байланышыңыз

5 айда республикалык бюджет 19 пайызга өскөнү кабарланды

Экономика | 27 Июн 2024 | 234 | 0

Быйылкы жылдын январь-май айларында республикалык бюджеттин кирешеси 154 миллиард 728,9 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги маалымдады.

2023-жылдын январь-май айларына карата бюджеттин кирешеси 25 млрд сомго же 19,3%га өстү.

Ал эми республикалык бюджеттин кирешесин 378,4 млрд сомго жеткирүү пландалган.

Экономист Эрлан Камаловдун айтымында, мамлекеттик бюджеттин кирешеси мурдагы жылдарга салыштырмалуу өсүп жатканы байкалууда.

Ал экономиканын көпчүлүк тармактарында жандануу болуп, экономикалык өсүш камсыздалып жатканын белгиледи.

«Республикалык бюджеттин азыркы учурдагы киреше бөлүгүнүн көбөйүшү мурдагы жылдарга салыштырмалуу өсүп жатканы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Себеби экономиканын дээрлик бардык тармагы жандануу болуп, экономикалык өсүш камсыз болууда. Ошондуктан бул нерсе реалдуу эле. Себеби өкмөттүн киргизген саясатына ылайык, бардык бюджеттен эмгек акы алган, жөлөкпул, пенсия алгандардын баарынын эмгек акысынын өлчөмү көбөйүп жатат».

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүү траекториясына киргенин, жаңы тармактар жана багыттар ачылып, тышкы соода жүгүртүү өсүп жатканын айткан.

Ал 2019-жылга салыштырмалуу ИДПнын көлөмү 2 эсе өсүп, 2023-жылы 1 триллион 228 миллиардга жеткенин билдирген.

Экономист Искендер Шаршеев өлкөдө экономикалык жылыш бар экенин, ошол эле учурда инфляция да өсүп жатканын белгиледи.

Муну менен катар экономикалык көйгөйлөргө токтолду.

«Экономикалык өнүгүү болуп жатат. Инвестиция кирип жатат. Курулуш иштери жүрүп жатат. Мамлекеттик бюджет көбөйүп жатат. Ошол менен биргеликте инфляция да көбөйүүдө. Бизде бир чоң маселе бар. Ылдый квалификациядагы жумушчулар жетишпейт. Курулушчулар, сантехниктер, инженерлер жана башка ушул сыяктуу кызматкерлер. Өлкөдө жумуш көп. Бирок иш берүүчүлөр көп акча төлөп бергенге даяр эмес. Акча төлөп берсе дагы, кадр көрсөткүчү ылдый болуп жатат».

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тышкы саясаттын туура жүрүшүнөн 2022-жылы өлкөнүн экономикасына 1,2 млрд доллар түз чет элдик инвестиция тартылганын айтканы бар.

Дагы бир экономист Төлөнбек Абдыров беш айдын ичинде мамлекеттик бюджеттин 19 пайызга өскөнүн жакшы көрсөткүч деп эсептейт.

Ал экономикалык өсүшкө себеп болгон бир катар иштерди мисал келтирди.

«Негизи эле 5 айдын көрсөткүчтөрү менен карап көрсөк, былтыркыга салыштырганда өсүштөр болуп жатат. Бул өсүшкө эмне түрткү болуп жатат, ошол тууралуу айтсак болот. Санариптештирүү багытына өтүп жатпайбызбы, экинчиси, мамлекет тарабынан ар кандай чаралар көрүлүп жатат. Бизнеске, өндүрүшкө ар кандай шарттарды түзүп бергени үчүн акырындык менен өсүштөрү пайда болуп жатат».

Былтыр Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү 1 трлн сомго жетери күтүлгөн.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, 2023-жылдын январь-октябрь айларында Улуттук статистика комитетинин алдын ала баалоосу боюнча ички дүң продукциянын көлөмү 919,1 миллиард сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 104,5%ды түздү.

Экономиканын тармактары боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй болду: курулушта өндүрүштүн көлөмү 14,6%га, тейлөө чөйрөсүндө – 4,9%га, өнөр жайда – 1,3%га өстү, ал эми айыл чарбасында өсүү темпи 2022-жылы 100,1%ды түзүп, ушул эле мезгилдин деңгээлинде сакталды.

Copyright © 2017 Maral FM