Эгемберди Бекболиев Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси кызмат ордуна эмгек келишимдин негизинде дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
69 жаштагы Эгемберди Бекболиев 1989-1994-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство институту – театр жана кино артисти адистигин бүтүргөн.
1976-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында артист, сахнанын жетектөөчү мастери болуп эмгектенип келген.
Эгемберди Бекболиев Кыргыз Республикасынын Эл артисти.