Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордо сел жүрөт

Кыска кабар | 29 Июн 2024 | 157 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Ага ылайык, 29-июндан 2-июлга чейин өлкөдө нөшөрлүү жаан-чачын күтүлөт. Буга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Эске салсак, күн мурун Баткен жана Ош облустарында сел жүрдү. Ноокат районуна селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM