Биз менен байланышыңыз

Дагестандагы кол салуу: Жапаров Путинге көңүл айтты

Кыска кабар | 24 Июн 2024 | 135 | 0

Президент Садыр Жапаров Орусия президенти Владимир Путинге Дагестандагы террактка байланыштуу көңүл айтты.

Ал Кыргызстан терроризмдин бардык түрлөрүнө каршы турарын жана орус өкмөтүнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аракеттерин колдой турганын белгиледи.

«Дагестанда болуп өткөн террактка байланыштуу  көңүл айтуумду кабыл алыңыз. Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына сабыр тилеп, бул трагедиядан жабыркагандар тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм. Кыргызстан терроризмдин бардык түрлөрүнө каршы турат жана Орусия өкмөтүнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аракеттерин колдойт», — деп айтылат иамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында.

Орусиянын курамындагы Дагестандын Дербент жана Махачкала шаарларындагы православ чиркөөлөрүнө, синагога жана жол полициясынын бекетине жасалган кол салуулардан кеминде 17 киши, анын ичинде 15 полиция кызматкери каза болду. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазууда.

Өлкөдө контртерористтик операция режими киргизилди, операция учурунда Дербентте эки куралчан, Махачкалада үч согушкер жок кылынганы кабарланды.

Орусиянын Тергөө комитети «теракт» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. 24-26-июнь Дагестанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM