Биз менен байланышыңыз

Баткенде мыйзамсыз иштеп жаткан диний лагерь аныкталды

Кыска кабар | 21 Июн 2024 | 150 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Баткенде «Мариям» аталышындагы диний лагерь каттоосу жок иштеп жатканын аныктады.

Аталган лагерде 9 жаштан 18 жашка чейинки кыздар үчүн «Тажвид», намаз окуу, дуа окуу, ошондой эле балдарды диний жактан тарбиялоо сабактары жүргүзүлгөн. Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө, диний лагерь 1970-жылы туулган Баткен облусунун Ж.М.К. аттуу жаранына таандык экендиги такталды.

Комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө өрт коопсуздугунун, санитардык-эпидемиологиялык нормалардын, билим берүү программаларынын жол-жобосу сакталбагандыгы, окутуучулары менен тарбиячыларынын педагогикалык жана диний билими жок экендиги аныкталды.

Мындан улам, аталган кемчилдиктер жоюлганга чейин лагердин иши токтотулду. Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

УКМК балдарды ар кандай диний мекемелерге, анын ичинде, диний лагерлерге жөнөтүүдөн мурда ал жер мыйзамдарга ылайык иштеп жаткандыгын текшерүүнү эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM