Биз менен байланышыңыз

«Талас жашыл чарба» ишканасынын жетекчиси жана подряддык компаниянын өкүлү кармалды

Кыска кабар | 19 Июн 2024 | 155 | 0

Талас шаарындагы Э.Кутманалиев атындагы стадионду капиталдык ремонттон өткөрүүдө мэриянын жана «Талас жашыл чарбасы» ишканасынын айрым кызмат адамдары тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө курулуш-монтаждоо иштерин аткарууга тиешелүү лицензиясы, ошондой эле бул жааттагы иш тажрыйбасы жок экендигине карабастан муниципалдык ишкананын жооптуу кызматкерлери тендер өткөрбөй туруп, подряддык уюм менен 25 млн сом суммасында түз келишим түзгөндүгү аныкталды.

Стадиондун капиталдык ремонту боюнча иштин көлөмүн, эмгек акынын, салыктардын жана курулуш материалдарынын наркы боюнча жүргүзүлгөн  текшерүүнүн натыйжасында мамлекетке 4 млн сомдон ашык зыян келтирилгени белгилүү болду.

Бул факты боюнча «Талас жашыл чарбасы» ишканасынын директору А.М. жана подряддык уюмдун өкүлү Т.С. кармалып, Талас облустук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка күнөөлүү адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM