Биз менен байланышыңыз

Сот Өндүрүш Токтонасыровду күнөөлүү деп таап, айып салды

Кыска кабар | 19 Июн 2024 | 285 | 0
Өнүдүрүш Токтонасыров чек ара боюнча акция өткөргөн.

Бүгүн, 19-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун иши боюнча отурум уланып, ага акыркы сөз берилди. Сот кеңешме бөлмөсүнөн келип, Токтонасыров күнөөлүү деп табылып, 100 миң сом айып салынганын жарыялады.

Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова кабарлады.

Буга чейинки соттук отурумда прокурор Өндүрүш Токтонасыровду үч жылга эркинен ажытарууну сураган.

Өндүрүш Токтонасыровго 2023-жылы июлда Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ага фейсбуктагы билдирүүсү үчүн айып коюлган.

Ошол жылы Токтонасыровду 30-июнда Сокулук районунун Лесное айылынан ак түстөгү унаага белгисиз бирөөлөр салып кетишкен. Укук коргоочулар ИИМге кайрылып, окуя боюнча Сокулук райондук милициясына арыз жазылып, каттоого алынган.

66 жаштагы Өндүрүш Токтонасыров укук коргоочу, жарандык активист катары таанымал. Ал өлкөдө болуп жаткан акыйкатсыздык же адам укуктарына байланыштуу маселелерде пикирин ачык айтып, акцияларды өткөрүп келет.

Copyright © 2017 Maral FM