Биз менен байланышыңыз

Диний саясатты чыңдоо боюнча эксперттик кеңештин жыйыны өттү

Кыска кабар | 12 Июн 2024 | 145 | 0

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов 12-июнда Президентке караштуу Улуттук биримдикти жана диний саясатты чыңдоо боюнча эксперттик кеңештин жыйынын өткөрдү.

Анда диний жана этностор аралык кырдаалдын актуалдуу маселелери, “Кыргызстандагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралды.

Мамлекеттик катчы чет элдик студенттерге байланыштуу окуяларга, диний идеологиянын негизинде мамлекеттик символикага акаарат келтирүүгө, социалдык тармактарда динге негизделген риторикаларга басым жасады.

2021-2026-жылдарга карата кабыл алынган концептуалдык документтерде белгиленген милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу зарылдыгы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM