Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз куршевель» мамлекеттик ишканасы түзүлөт

Кыска кабар | 12 Июн 2024 | 207 | 0

Президенттин иш башкармасына караштуу “Кыргыз куршевель” мамлекеттик ишканасы түзүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.

Максаты — кластердик ыкма менен туризм чөйрөсүндөгү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү, башкаруу түзүмүн өркүндөтүү жана финансылык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу.

Токтомго ылайык, Президенттин администрациясы «Кыргыз куршевель» мамлекеттик ишканасынын уставын иштеп чыгып, бекитет жана бул ишкананы юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрөт.

Апрель айынын аягында мамлекет башчы Борбор Азиядагы эң чоң лыжа базасы боло турган “Үч чоку” кластерин куруу боюнча презентацияга катышкан.

Долбоорго ылайык, жалпы узундугу 200 чакырымдык тоо лыжа-трассалары Ысык-Көл облусунун Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук чокуларында түзүлөрү болжолдонууда. Курорт жыл бою иштеп, жылына 850 миңге чейин туристти кабыл ала алат.

Курортту Франциянын Société des Trois Vallées (S3V) компаниясы курат. Буга чейин кластерди куруунун биринчи этабында 60 чакырым лыжа трассасы жана алты асма жол курулары маалымдалган.

Бул иштер 2026-жылдын аягына чейин бүтүп, 165 млн евро инвестиция тартууну талап кылары кабарланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM