Биз менен байланышыңыз

Бишкекте мыйзамсыз иштеген эки медресе жабылды

Кыска кабар | 10 Июн 2024 | 191 | 0

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери борбор калаада эки мыйзамсыз медресени аныкташты.

Анда 40тан ашык бала мамлекеттик органдардын тиешелүү уруксат кагаздары жок окутулуп келген. Бул факты Свердлов РИИБнин электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Окуучулар ата-энелерине өткөрүлүп берилди, медресенин иши толугу менен токтотулду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM