Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык альпинисттерди салтанаттуу тосуп алышты

Кыска кабар | 6 Июн 2024 | 348 | 0

Кыргызстандык альпинисттер Эдуард Кубатов, Кадыр Сайдилкан, Илим Карыпбеков Кыргызстанга кайтып келишти. Аларды «Манас» аба майданынан салтанаттуу тосуп алышты.

Делегацияны жетектеген альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов Гималайдагы (Непал) Лхоце жана Макалу чокуларын кычкылтек колдонбостон багындырып, рекордду жаңыртты.

Буга чейин Эвересттин чокусун багындырган Кадыр Сайдилкан бул жолу деңиз деңгээлинен 8516 метр бийиктикте орун алган Лхоце чокусуна чыгып, ал жерге 4 килограммдык «Манас» эпосун көтөрүп чыккан.

Ушул эле тайпанын курамындагы Илим Карыпбеков Эверестке чыгып, бул бийиктикти багындырган төртүнчү кыргызстандык болду.

Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде президент Садыр Жапаров альпинист Эдуард Кубатовду кабыл алып, Кыргызстандын желегин тапшырган. Ошондой эле спорттун бул түрү мамлекет тарабынан колдоого алынып жатканын белгилеген.

Илим Карыпбеков Эверест чокусун багындырды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM