Connect with us

Парламент башкы прокурорлукка Максат Асаналиевдин талапкерлигин колдоду

Кыска кабар | 5 Июн 2024 | 406 | 0

Жогорку Кеңеш 5-июндагы жыйынында Башкы прокурор кызмат ордуна Максат Асаналиевди дайындоого макулдук берди.

Жыйынга катталган 69 депутат бир добуштан колдошту. Максат Асаналиевдин талапкерлигин президент Садыр Жапаров көрсөткөн.

Ага чейин парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети башкы прокурор кызматына көрсөтүлгөн талапкерди колдогон.

Максат Асаналиев 2022-жылы 20-майда Ош облусунун прокурору болуп дайындалган. Ага чейин ал Бишкектин Биринчи май районунун прокурору болгон.

3-июнда Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев өз арызы менен отставкага кетти. Аны кызматтан бошотуу тууралуу сунушту парламент колдоду. Курманкул Зулушев 2020-жылдын 21-октябрында башкы прокурор болуп дайындалган.

Башкы прокурорлукка талапкер тергөө укугун кайтаруу боюнча оюн айтты

Copyright © 2017 Maral FM