Connect with us

Башкы прокурорлукка талапкер тергөө укугун кайтаруу боюнча оюн айтты

Кыска кабар | 5 Июн 2024 | 402 | 0

Парламенттин 5-июндагы жыйынында Башкы прокуратурага тергөө функциясын кайра кайтаруу боюнча маселе көтөрүлдү.

Депутат Акбөкөн Таштанбеков башкы прокурор кызмат ордуна сунушталып жаткан талапкер Максат Асаналиевге суроо берип жатып, тергөөнү көзөмөл органына кайтаруу керектигин айтты.

«Буга чейин тергөөнү прокуратурадан алганы туура эмес болуп калды дегендей жумшак айттыңыз. Райондук деңгээлде ИИМден башка тергөөчү жок, ушуну ачык айтышыбыз керек. Райондо прокуратурада да, УКМКда да тергөө жок, бир эле милицияда бар. Алар жетишпейт, кадрлар да алсыз. Тергөөнү ача албай, жапканга аргасыз болгон учурлар болууда. Ошол үчүн тергөөнү прокуратурага кайтарыш керек» , — деди депутат.

Ага чейин суроо-жооп учурунда депутат Надира Нарматова прокуратура органдарынын аброюн кандай жол менен көтөрсө болорун сураган жаңы талапкерден сураган.

«Тергөө функциясын алуу боюнча менин көз карашым, өзүм 15 жыл тергөөчү болуп иштегем. Мага өкүнүчтүү болду, тергөө функциясын алып койгону, балким эмоция менен айткандырмын, бирок бүгүнкү күндө прокурордук көзөмөлдү күчөтүү үчүн прокуратура органдарына тергөө функциясы абадай эле керек деп ойлойм. Тилекке каршы, мыйзамды кабыл алып бердиңиздер, ошонун негизинде иш алып барудабыз», — деп жооп берди Максат Асаналиев.

2023-жылы 26-июнда президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Мыйзамга ылайык, прокуратура органдарынан тергөө жүргүзүү укугу алынып, ал Ички иштер министрлигине жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке берилген.

Жүйө катары прокуратура органдарында тергөөдө коррупциялык көрүнүштөрдү жана кызыкчылыктардын кагылышынын алдын алуу, укук коргоо органдарындагы тең салмактуулукту камсыз кылуу максаты коюлганы айтылган.

Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев отставкага кетип, ордуна прокуратура органдарында иштеген Максат Асаналиевдин талапкерлигин президент сунуштады. Бүгүн парламент анын талапкерлигин талкуулады.

Copyright © 2017 Maral FM