Биз менен байланышыңыз

УКМК окуу жайлардын биринде одоно мыйзам бузууларды аныктады

Кыска кабар | 4 Июн 2024 | 181 | 0

Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн ишмердүүлүгүндө одоно мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Окутуу мекемесинин катышуу журналдарын изилдөө жана тесттик, экзамендик отчеттордун жыйынтыктарына караганда, студенттердин узак убакыт сабакка келбегендиги, тийиштүү тесттерди жана экзамендерди тапшырбагандыгы аныкталган. Бирок  институттун жооптуу кызматкерлери студенттер менен келишип алып, бул фактыны жашырып, алардын андан ары билим алышына уруксат беришкен.

Окуу жана экзамендерди тапшыруу мезгилинде студенттердин белгилүү бир бөлүгү Кыргызстандын чегинен тышкары жүргөндүгү жана республиканын башка аймактарында жашагандыгы аныкталган.

Институттун ишмердүүлүгүн толук текшерүү максатында Билим берүү жана илим министрлигинде атайын комиссия түзүлүп, анда аныкталган фактылардан тышкары дагы бир катар одоно мыйзам бузуулар, анын ичинде каржылык мыйзам бузуулар да бар экендиги такталды.

Учурда БатМУнун Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмүндөгү бардык кызмат адамдарынын жоопкерчилигин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM