Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги Байтик баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылды

Кыска кабар | 2 Июн 2024 | 163 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Бүгүн, 2-июндан тарта Бишкектеги Байтик баатыр көчөсүнүн Ахунбаевден Медеровго чейинки бөлүгү жабылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ахунбаев көчөсү унаа кыймылы үчүн ачык болот.

Учурда Байтик баатыр көчөсүнүн Токомбаев жана Ахунбаев көчөсү менен чектелген бөлүгүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жатат.

Байтик баатыр көчөсүн капиталдык оңдоо бир нече этап менен жүргүзүлөт. Бул учурда коомдук транспорттун кыймылы өзгөртүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM