Биз менен байланышыңыз

Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт

Кыска кабар | 2 Июн 2024 | 162 | 0

Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу 10-июнга чейин аталган жол жарым жартылай жабык болот.

Бул көчөдө 17 миң 980 чарчы метр аянтта эски асфальтты сыйруу жана демонтаж иштери башталат, андан кийин асфальтка чейинки жумуштар жана люктарды тегиздеп орнотуу иштери жүргүзүлөт. Акыркы этапта асфальт-бетон аралашмасы төшөлөт.

Лев Толстой көчөсүндө акыркы жолу 2019-жылы капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Кызмат мөөнөтү өтүп, жолдун үстү тегиз болбой калган. Жайында абанын температурасы 28°Сден жогору болгондо асфальт төшөлгөн жер жумшарып, автоунаалардын жана оор жүк ташуучу унаалардын көп агымынын натыйжасында асфальт төшөлгөн жерде толкундар пайда болот.

2023-жылы кеч күздө жолдун үстү (асфальт) узунунан жылып, толкундар пайда болгон жерлери тегизделген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM