Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Бишкекте өткүн өтүшү мүмкүн

Кыска кабар | 28 мая 2024 | 130 | 0

Кыргызгидромет маалымдагандай, 29-майга караган түнү Ош, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт.

Күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +23…+28,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18,

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +21…+23 градус нөлдөн жогору.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM