Биз менен байланышыңыз

Эсептик чендин 9%га төмөндөөсү эмнелерге таасир берет?

Экономика | 28 мая 2024 | 782 | 0

Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди 9 пайызга чейин төмөндөттү. Буга чейин Улуттук банк эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде сактап келген. Эсептик ченди түшүрүү менен насыялардын пайызы төмөндөйбү? Долларга таасирин тийгизеби?

Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди 200 базистик пунктка 9 пайызга чейин төмөндөттү. Бул тууралуу Улуттук банктын Байланыш жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысынын орун басары Ильичбек Султанкулов билдирди.

Анын айтымында, чечим бүгүн, 28-майдан тарта күчүнө кирет.

«Кыргызстанда инфляциянын төмөндөшү уланып жатат: 2024-жылдын май айында керектөө бааларынын өсүш арымы жылдык мааниде 4,4 пайызды түзгөн (2023-жылдын декабрь айында – 7,3 пайыз). Баалардын төмөндөө динамикасы Улуттук банк тарабынан 2022-жылдан тартып жүргүзүлүп келе жаткан инфляциянын өсүшүн чектөөгө жана экономикалык субъекттердин инфляциялык күтүүлөрүн акырындык менен төмөндөтүүгө багытталган акча-кредит саясатынын жыйынтыгы болуп саналат. Инфляциянын түзүмүндө азык-түлүк товарларына баалардын өсүш арымы туруктуу төмөндөшү уланып жатат, ага дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы баалардын акырындык менен төмөндөшү дагы өбөлгө түзүүдө».

Улуттук банктын маалыматына караганда, өлкөдө экономикалык жигердүүлүктүн ишенимдүү өсүшү уланууда: 2024-жылдын январь-апрель айларында ички дүң өнүмдүн реалдуу өсүшү 7,4 пайызды түзгөн. Экономиканын өсүшүнө негизги салым курулуш жана кызмат көрсөтүү тармагы менен камсыз кылынган.

Экономист Төлөнбек Абдыров эсептик чендин төмөндөшү учурдагы инфляциянын өсүшүнүн токтолушунан кабар берерин белгиледи. Анын пикиринде, өлкөдө экономикалык абал туруктуу болууда.

«Эсептик ченди Улуттук банк түшүргөнү 9% чейин эмнени билдирет? Негизгиси Кыргызстанда акыркы кезде инфляциянын өсүшү токтолуп, экономиканын туруктуу болуп жатканы байкалууда. Негизи эле эсептик чен көбүрөөк болуп турса, насыялык акчага таасирин тийгизет да ал кымбат болуп калат. Кредиттик ресурстар негизи эле ошол өнүгүүгө кымбат болуп калса, шарт түзө албайт. Банктар аркылуу көп ишкер насыя алып, өндүрүшүн ишке ашырат. Башка дагы дорбоорлорун ишке ашырганга жардам берген  кредиттер арзаныраак болуш керек да. Негизи эле эсептик чен аябай эле таасирин тийгизет. Улуттук банк коюп койгондон кийин, кредиттик банктар,  коммерциялык банктар үстүнө дагы пайыздарды кошуп, кымбаттатып салышат. Азайтып 9 %га чейин түшүрүп жатканы бул дагы өзүнчө жакшы көрсөткүч. Экономиканын мыйзамына ылайыктап улуттук банк эсептик ченди төмөндөткөн кийин, коммерциялык банктар да түшүрүш керек. Улуттук банк буга чара көрүш керек».

Улуттук банктын маалыматына ылайык, Кыргызстанда жылдык инфляциянын басаңдашы жылдын акырына 5-7 пайыз болушу мүмкүн. Мындай шартта Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 9 пайызга чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды.

Экономист Искендер Шаршеев эсептик чендин төмөндөшүн бир четинен жакшы көрсөткүч деп бааласа, ошол эле учурда кооптуу экенин да айтат.

«Бул деген экономикага бир чети жакшы, бир чети кооптуу. Жакшы жери кредиттер арзандайт, доллар арзандашы мүмкүн. Кошумча бизнес аракеттери, соода-сатык күчөйт, инфляцияны токтотконго мүмкүнчүлүк алат. Жаман жери эгер кредиттер өтө кызыктуу болуп кетсе, элге жана бизнеске кредиттердин көбөйүшү, кредиттерди кайтарууга кандайдыр бир тоскоолдуктар түзүүсү ыктымал. Инфляцияны оңой көтөрүп салуусу ыктымал. Кредиттер арзан болсо, улуттук экономикада ликвиддик баланстын күчөп кетишине алып келүүсү ыктымал. Негизи азыркы тапка бул жакшы эле чечим. Бирок тобокелдиктерди эске алып, алдын алыш керек».

Улуттук банктын акча-кредит саясаты өлкөдө баа туруктуулугун сактап турууга жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга багытталган. Ушуга байланыштуу Улуттук банк инфляция боюнча түптөлгөн тышкы жана ички факторлорго баа берүүсүн улантат жана тышкы чөйрөдө дале сакталып турган бардык тобокелдиктерди эске алуу менен акча-кредит саясатынын жүргүзүлүшүнө кылдат мамиле жасайт.

Улуттук банк кандайдыр бир тобокелдиктер пайда болгон учурда жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка кошумча оңдоолорду киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки пландалган отуруму 2024-жылдын 29-июлунда өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM