Биз менен байланышыңыз

Борбор Азия-Монголия-Кавказ-Ооганстан аймактык форуму өтөт

Кыска кабар | 27 мая 2024 | 132 | 0
CAMCA Regional Forum, 2019-жыл.

Бишкекте 12-июнда  CAMCA (Central Asia – Mongolia – Caucasus – Afghanistan) аймактык форуму өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Форумга он өлкөдөн: Ооганстан, Армения, Азербайжан, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан 200дөн ашык адам катышат.

Аймактык форум 2014-жылдан бери уюштурулат жана 10 жылдыгы Кыргызстанда өтөт.

Иш-чарада экономикалык өсүш жана социалдык өнүгүүнү тездетүү жолдору талкууланат.

2014-жылы негизделгенден бери форумга аймактагы мамлекеттик ишмерлер, анын ичинде мурдагы президенттер жана премьер-министрлер, элчилер, Дүйнөлүк банктын президенттер жана алдыңкы эл аралык экономисттер катышкан.

Бишкекте өтө турган форумга 80 спикер чакырылган. Анда дүйнөлүк лидерлер менен экономика, бизнес, аймактык кызматташуу, алдыңкы инновациялар тууралуу пикир алмашууга мүмкүнчүлүк болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM