Биз менен байланышыңыз

Таласта үч адамды өлтүргөн жаран кармоо учурунда жок кылынды

Кыска кабар | 24 мая 2024 | 321 | 0

Таласта үч адамды өлтүргөн кылмышкер кармоо учурунда жок кылынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 24-май күнү түнү Айтматов районундагы айылдардын бириндеги үйдөн үч жарандын сөөгү табылган. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу келгенде каза болгондор бир үй-бүлө мүчөлөрү экени аныкталып, 27 жаштагы келин 4 жаштагы уулу жана 2,5 жаштагы кызы менен киши колдуу болгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүүгө шектүү жаран аныкталып, ал мурун адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен соттолгон, Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылынын 1976-жылы туулган тургуну К.Н. экендиги такталган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн жүргөн жери аныкталып, тоо аркылуу качып кетүүгө аракет кылган. Тоодо кармоо учурунда шектүү 1976-жылы туулган К.Н. жок кылынды, — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM