Биз менен байланышыңыз

Чукул билдирүү: Нөшөргө байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн

Кыска кабар | 22 мая 2024 | 166 | 0

24-майда күндүз жана 25-26-май күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

26-майда күндүз жана 27-майда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөйт.

Бул күндөрү батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

27-майда түнкүсүн жана эртең менен Нарын облусунун дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде жана Ысык-Көл облусунун чыгышында 0…-2°ка чейин үшүк жүрөт. Бул жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, мөмөлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге коркунуч туудурат.

Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу 24-25-26-майда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM