Биз менен байланышыңыз

«Алтын тамга»: Быйыл 149 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алат

Кыска кабар | 22 мая 2024 | 377 | 0

Кыргызстанда быйылкы окуу жылында «Алтын тамга» мамлекеттик аттестацияcынын жыйынтыгы менен 149 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатына ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.

Анын ичинен 68 окуучу Бишкек шаарынан, 20 окуучу Чүй облусунан, 17 окуучу Ош облусунан, 9у Жалал-Абад облусунан, дагы 9у Баткен облусунан, 8 окуучу Талас облусунан, 6 окуучу Ысык-Көл облусунан, 6 окуучу Нарын облусунан, дагы 6 окуучу Ош шаарынан.

Тест жүргүзүү 14-майда республика боюнча 36 пунктта өткөрүлүп, ага 2211 окуучу катышты.

«Алтын тамга»  жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы математика, эне тили жана адабияты, Кыргызстандын тарыхы жана химия сабактары боюнча өттү.

Тестирлөө жалпы орто билим берүү программасын артыкчылык менен өздөштүргөн, артыкчылык документине талапкер болгон 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн милдеттүү болуп саналат.

Тестти өткөрүүнүн максаты окуучулардын билим деңгээлин аныктоо, көз карандысыз баалоо жүргүзүү, мектептеги билим берүүнү, стандартты жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болуп эсептелет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM