Биз менен байланышыңыз

Талас шаарындагы аэропорттун ачылышы болду

Кыска кабар | 21 мая 2024 | 212 | 0

21-майда Талас шаарындагы аэропорт пайдаланууга берилди. Анын ачылышында президент Садыр Жапаров 1979-жылы учактарды жана тик учактарды эксплуатациялоо үчүн курулган “Талас” аэропорту да Советтер Союзу тарагандан бери ишин токтоткондугун белгиледи.

Бир жылдын ичинде аэродром эл аралык ченемдерге ылайык калыбына келтирилип, саатына 100 кишини өткөрүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Садыр Жапаровдун маалыматына караганда, учурда “Каракол”, “Тамчы” эл аралык аэропортторунун аэробекет комплекстерин куруу боюнча иштер кызуу жүрүп жатат. “Нарын” облустук аэропортунун аэробекетин куруу боюнча иштер толугу менен бүткөрүлүп, бүгүнкү күндө учуп-конуу тилкесине оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.

“Казарман”, “Кербен”, “Баткен” аэропортторунун учуп-конуу тилкесин ондоп-түзөө боюнча иштер аягына чыгып калды. Ал эми “Баткен” эл аралык аэропорту жер-жерлерден келген учактарды кабыл алууда. “Манас” эл аралык аэропорту алгачкы жолу ички авиаташуулардын муктаждыктарын жабуу үчүн Q-400 учактарын сатып алды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM