Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 91 миң адам жумушсуз

Кыска кабар | 13 мая 2024 | 209 | 0

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Кыргызстанда 91 миң 600 адам жумушсуз экенин билдирди.

Ал 13-майда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында маалымдагандай, анын ичинен 64 миң 600ү жумушсуз катары расмий каттоодо турат.

Комитет «Социалдык келишим» долбоорундагы жардам көрсөтүүнүн тартиби, катышуучулардын саны, келишимге кол койгондорду жумушсуз жана жумуш издеген адам катары эсептен чыгаруу сыяктуу нормаларды карады. Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

2021-жылы президент Садыр Жапаров «2026-жылга чейин Кыргызстандын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Анын негизинде «Социалдык келишим» долбоору ишке кирген.

Улуттук статистикалык комитеттин 2024-жылдын 1-апрелине карата берген маалыматы боюнча жумуш издеп мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо турган жумушсуздардын саны 84 миң адамды түздү.

Катталган жумушсуздардын жалпы санынын 44,7%ы аялдар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM