Биз менен байланышыңыз

Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча келишим аткарылып жатканын айтты

Кыска кабар | 7 мая 2024 | 200 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев 7-каналга берген маегинде «Кемпир-Абад суу сактагычына өзбекстандык эки катер кирип, балыкчыларды кууп чыкты» деген маалыматтар боюнча комментарий берди.

Ал Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча келишим Өзбекстан тараптан 100 пайыз аткарылып жатканын, маселе өзүбүздө экенин айткан.

«Биздин эки жараныбыз балык уулап жүрүп, Өзбекстан тараптын жээгине, кургактыкка өтүп кетишкен экен. Чынында, чек аранын өтүү тартибин бузганы үчүн аларды камаш керек эле. Биз деле ушундай моменттер болуп, чек араны бузуп өтүшсө өзбек жарандарын камайбыз. Мыйзамдар ушундай. Өзбек чек арачылары болсо адамгерчилик кылып, эки жараныбызды катерге салып, биз тарапка чыгарып коюп, кайра кетишкен. Бул да болсо мамилелерибиздин жакшырганы, бийик деңгээлге чыкканы десек болот» , — деди УКМК төрагасы.

Ал Кыргызстандын бардык көлдөрүндө, суу сактагычтарда, дарыяларда тор менен балык кармоого тыюу салынганын эскертти.

Жогорку Кеңеш 2022-жылы 17-ноябрда Өзбекстан менен чек ара боюнча келишимдерди ратификациялаган.

29-ноябрда президент кыргыз-өзбек чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо, ошондой эле Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM