Биз менен байланышыңыз

Бишкекте үч күн азык-түлүк жарманкеси өтөт

Кыска кабар | 26 Апр 2024 | 118 | 0

30-апрель күнү жана 1-2-май күндөрү Бишкек шаарында азык-түлүк жарманкеси өтөт. Иш-чара Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Соода-өнөр жай палатасы менен биргеликте уюштурулат.

Жарманкеде эт, балык, сүт, май, бал, колбаса, сыр, жумуртка, картошка, жашылча жемиштер, кумшекер, ун жана башка азыктарды арзан баада сатып алууга болот.

Шаардын жашоочуларын социалдык-маанилүү тамак-аш азыктарынын кеңири ассортименти менен камсыз кылуу максатында айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрүнүн ортомчусу жок түздөн түз продукциялары жарманкеге коюлат.

Жарманке өтө турган жай: Разаков көчөсү (Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши).

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM