Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 27-апрелде жаан жаайт

Кыска кабар | 26 Апр 2024 | 87 | 0
Фото: Влад Ушаков

Кыргызгидромет билдиргендей, 27-апрелге караган түнү Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал–Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +12… +17,

Талас жергесинде түнкүсүн +3…+8, күндүз +10…+15,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7… +12, күндүз +17…+22,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2… +7, күндүз +13…+18,

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз + 13…+16.

Бишкекте мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +13…+15 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM