28-апрелде борбор калаада велосезондун ачылышы болот. Мэриянын маалыматына караганда, веложарыш саат 10:00дө Кыргызстан – Азербайжан Достук паркында башталат.
Каттоо саат 09:00дөн 9:30га чейин болот. Катышуучулар Уркуя Салиева атындагы скверде аяктайт.
Мындан тышкары иш-чара концерттик программа менен коштолот.
Спорттук иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери департаменти «Вело friends позитив kg» коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурууда.