Биз менен байланышыңыз

Салык органдары 30-апрелге чейин түн ортосуна чейин иштейт

Кыска кабар | 25 Апр 2024 | 96 | 0

Кыргызстанда салык органдары 25-30-апрель күндөрү түн ортосуна чейин иштешет. Иштөө убактысын узартуу чечими салык декларациясын кабыл алуу боюнча натыйжалуу өнөктүктү жүргүзүү максатында кабыл алынган.

Салыкчылар декларацияларды иш күндөрү жана дем алыш күндөрү да эртең мененки саат 09:00дөн түнкү саат 00:00гө чейин кабыл алышат.

Мамлекеттик салык кызматы жеке жактар декларацияны онлайн режиминде «салык төлөөчүнүн кабинети» аркылуу же кагаз түрүндө жергиликтүү салык органына барып тапшырса болорун билдирет. Жеке ишкерлер электрондук түрдө гана бериши керек.

1-майга чейин  жеке ишкерлер, патент менен иштегендер, мүлкү жана жер участогу бар жеке жактар, дыйкан жана фермердик чарбалар, мамлекеттик органдын карамагында турган илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча аткаруу-тескөө функциялары менен байланышпаган башка иштерди жүзөгө ашыруучу мекемелердин, ишканалардын же уюмдардын кызматкерлери, мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери, эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар, жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жактар салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM