Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда 73 турак үйдү, үч социалдык объектини суу каптады

Кыска кабар | 24 Апр 2024 | 211 | 0

24-апрелге караган түнү саат 00:20 чамасында нөшөрлөп жааган жаандан кийин Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Таштак, Кызыл-Сеңир, Бостон айылдарынан болжол менен 73 турак үйдүн жана 3 социалдык объектинин, бир ички чарбалык көпүрө, короосун суу каптап, 50 гектар айдоо жерлерди суу алган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, райондук Жарандык коргоо кызматтары, ыкчам топ, 15 куткаруучу тартылып, жеринде тишелүү жумуштар жүрүүдө.

Мындан сырткары дблустун Базар-Коргон, Аксы, Ала-Бука, Таш-Көмүр шаарларында ички чарбалык жолдорду турак жайлардын королорун сел суулар каптаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM