Биз менен байланышыңыз

Борбор Азияда Британиянын таасири күчөйбү? Талдоочу менен маек

Маек | 23 Апр 2024 | 393 | 0

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Кыргызстанга алгачкы жолу расмий сапары менен 22-апрелде келди. Ал өлкөнүн тышкы иштер министри, президент менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анын жыйынтыгында Кыргызстанда чакан жана орто бизнести колдой турган фонд ачылары белгилүү болду. Ошондой эле Чүй облусунда жана Ошто бетон төшөлмөлөрүн чыгара турган завод куруу боюнча сөз болду. Мындан тышкары, эмгек миграциясы тууралуу да сүйлөшүү жүрдү.

Британ министри Бишкекке Борбор Азия турнесинин алкагында келген. Учурда Британия менен Кыргызстандын саясий, экономикалык алакасы кандай, кайсы багыттардагы кызматташтыкты өнүктүрсө болот, Британия эмне үчүн Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга кызыгуу көрсөтүүдө, бул жана башка суроолорго саясат талдоочу Марс Сариев жооп берди.

Марал: Бүгүнкү күндө кыргыз-британ алакасы кандай, кайсы багытта кызматаштыкты күчөтүү керек?

Марс Сариев: Жакында Министрлер кабинетинин төргасы Акылбек Жапаров Лондондо болгон инвестициялык, экономикалык форумга катышып келди. Андан кийин Лондондон кызматташуу максатында жетекчилер Кыргызстанга келишкен. Азыркы учурда Кыргызстан менен Британиянын кызматташтыгы, мамилеси жакшы деп ойлом.

Британия инвестициялык, экономикалык чоң долбоорлорду ишке ашырууга жардам берүүгө кызыктар. Жалпы эле Орто Азияга Британия инвестиция салууга кызыктар экени көрүнүп турат. Менин оюмча, акыркы жылдары Британиянын Орто Азияга болгон кызыгуусу күчөп жатат. Анткени Британия “Бир алкак-бир жол” долбоорундагы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жолунун курулуусуна да өзгөчө кызыктар экендиги байкалды.

Марал: Сапардын жыйынтыгы кандай болду деп ойлойсуз?

Марс Сариев: Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерондун сапарынын алкагында бир топ пайдалуу, жакшы долбоорлордун алкагында сүйлөшүүөр болду. Мындан ары Британиянын Кыргызстанга жана Орто Азияга болгон мамилеси дагы да өсө берет. Чоң долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар болуп жатат. Мисалы, “Камбар-Ата 1” ГЭСинин курулушун ишке ашырууга, “Кызы-Омполду”, “Бир алкак-бир жол” долбоорундагы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жолунун курулуусун жана башка чоң долбоорлорго ишке ашырууга кызыктар. Ошондуктан экономикалык, инвестициялык долбоорлорду сунуштап жатат.

Марал: Ал эми саясий алака боюнча эмне айта аласыз?

Марс Сариев: Улуу Британия Борбор Азияга саясий жактан «куратор» болгусу келип жаткан байкалууда. Ал эми Орто Азиядан Америка Кошмо Штаттар биздин региондон кетип жатат, алардын рейтинги да төмөндөөдө. Алардын ордуна Британия келүүдө. Алар бир гана Орто Азияга гана эмес, Монголия, Түркия менен да мамлени, кызматташууну күчөтүүнү ойлоп жатышат.

Марал: Маегиңизге рахмат!

Copyright © 2017 Maral FM