Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Көпчүлүк аймакта өткүн өтөт

Кыска кабар | 22 Апр 2024 | 83 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 23-апрелде түнкүсүн Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +20… +25,

Талас жергесинде түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10… +15, күндүз +22…+27,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5… +10, күндүз +17…+22,

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз + 15…+20.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +21…+23 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM