Биз менен байланышыңыз

Кызамык: Эмдөөдөн баш тарткан ата-энелердин жоопкерчилиги күчөтүлөт

Кыска кабар | 22 Апр 2024 | 123 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кызамык оорусу боюнча өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен кеңешме өткөрдү.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл 17-апрелге карата кызамыктын 8209 учуру катталды. Анын 37,5 пайызын ата-энеси эмдөөдөн баш тарткан балдар түздү.

2023-жылдын соңуна карата кызамык оорусунун 7046 учуру катталган.

Республика боюнча 2023-жылы паротит жана кызамыкка каршы профилактикалык эмдөөдөгү вакцинанын биринчи дозасы менен камтуу 96 пайызды, экинчи дозасы менен 92,7%ды түздү.

Эдил Байсалов Саламаттыкты сактоо министрлигине оорунун алдын алуу жана балдарды кызамыкка каршы эмдөө иштерин күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле баласын кызамыкка каршы эмдөөдөн баш тарткандардын жоопкерчилигин күчөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууну талап кылды.

«Саламаттыкты сактоо министрлиги балдарын оор жугуштуу ооруларга каршы эмдөөдөн баш тарткан ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча сунуштарды бериши керек. Өзгөчө ата-энелер тарабынан ден соолукка кайдыгерлик мамиле менен зыян келтирүүгө жол берилбеши керек. Балдарды кызамык жана башка оор илдеттерге каршы эмдөөнүн маанилүүлүгү тууралуу коомчулук менен иш алып баруу зарыл”, — деди Байсалов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM